Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 11:52:46
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Чүйдө жол кырсыгынан төрт адам жабыркады

11.05.2020 12:08
1104
Чүйдө жол кырсыгынан төрт адам жабыркады


Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол кырсыгынан төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 10-майда саат 18:44тө Панорама дачасына бара жаткан жолдо “Хонда CRV” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада 4 эркек киши жабыркаган.


Куткаруучулар оор жаракат алган 35 жаштагы жаранды тоодон түшүрүп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, ал эми калгандары жеңил жаракат алышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн