Ысык-Ата районунда зордуктоо фактысы катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-июнда милицияга Ысык-Ата районундагы дачалардын биринде кыз зордуктоо фактысы боюнча маалымат түшкөн.
Кийинчерээк 29 жаштагы А.Н. бейтааныш адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. 5-июнда чала тааныш адам аны үйүнө жеткирип берем деген шылтоо менен анын каалоосуна каршы Ысык-Ата районундагы дачалардын бирине алып кеткен.
Ал жерде күч колдонуп кармап, денесине залал келтирем деп коркутуп, андан соң зордуктаган. Кыз эртеси эртең менен гана качып кете алганын билдирген.
"Аталган факты боюнча "Адам уурдоо", "Зордуктоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал 24 жаштагы А.Р. экени аныкталган.
Сурак учурунда шектүү кыз менен социалдык тармактан таанышканын, буга чейин аны спорт залдан көргөнүн түшүндүргөн.
Кат алышуу жана видео чалуулардан кийин алар
5-июнда Бишкектеги кафелердин биринде жолугушкан. Кыз аны менен дачага барууга макул болгон. Кармалган адам эч кандай күч колдонуусуз, өз ара макулдашуу боюнча интимдик мамиледе болгонун билдирген. Жигит эртең менен кыз кетип калгандыгын көргөн соң райондук милицияга кайрылган", - деп жазылган маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн