Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Чүйдөгү Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо экинчи жолу өтпөй калды

01.08.2020 18:05
612
Чүйдөгү Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо экинчи жолу өтпөй калды


Кечээ, 31-июлда Чүй облусунун Чүй районундагы Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо экинчи жолу өтпөй калды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна эки талапкер – Алиев Бакыт Нажимидинович жана Жекшен уулу Максат катталган. Экөө тең айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн.


Ибраимов айылдык кеңеште 11 депутаттык мандат бар. Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого 11 депутаттын 5өө катышты, 6оо катышкан жок.


“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу эки жолу өтпөй калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн