Кулжа 26, 2024
Убакыт: 07:15
USD
86.50
87.40
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.020

Чүйдөгү милиция кызматкеринин өлүмү боюнча ички иликтөө башталды

Чүйдөгү милиция кызматкеринин өлүмү боюнча ички иликтөө башталды


Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


"Азырынча белгисиз себептерден улам Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугун белгилейбиз. Аталган факты Жайыл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш процессинин жүрүшүндө окуянын кандайча болгондугун жана себептерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы окуянын чоо жайын ачык жана так иликтөө максатында кызматтык иликтөөлөрдү баштады", - деп байтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө. 


Белгилейт кетсек, буга чейин айрым жергиликтүү басылмалар Чүй облусунда милиция кызматкери өзүн-өзү башка аткандыгы тууралуу жазып чыгышкан эле.  


https://www.super.kg/kabar/news/310209/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн