Мирбек Мияровду өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошотуу боюнча расмий буйрук жок. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Аден Турусбеков түшүндүрмө берди.
Маалымат катчысы Турусбеков чындыгында мындай маалымат тарап жаткандыгын айтты.
«Азырынча жооп берүүгө эрте, анткени бизде расмий маалымат жок. Бирок белгилей кетсем, мамлекетке идеяларга бай жана аларды турмушка ашыра алган жаш кадрлар керек», - деди ал.
Эске салсак, социалдык тармактарда Мирбек Мияров кызматынан кетет деген маалымат тарай баштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн