Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

COVID-19 менен ооруп, айыккан жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн cyнуштама

03.09.2020 13:49
1305
COVID-19 менен ооруп, айыккан жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн cyнуштама

 "Коронавирус жүрөк-кан-тамыр ооруларын өрчүтөт жана аны дарылоо көпкө созулат. Мындан улам, коронавирус жана жүрөк оорулары бар бейтаптар бир катар тийиштүү чараларды сактоосу зарыл", - деп Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы кардиологу Акпай Сарыбаев бүгүнкү брифингде билдирди. 


COVID-19  менен ооруп, айыккан жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн төмөнкүлөр сунушталат: 

. Ооруканадан чыккандан кийин бейтаптар 14 күнгө чейин изоляцияда болушат;


.Изоляция учурунда кайра калыбына келүү программасын аткаруусу сунушталат жана изоляция маалы бүткөндөн кийин, атайын реабилитациялоо борборлоруна барууга мүмкүн;


.Үй шартында толук туура тамактануу зарыл: жашылча-жемиштердин көптүгү (400 гр кем эмес), тамактын аз туздуулугу ( 5 гр ашпаган), суюктукту  чектөө зарыл бир күндө 1 - 1,5 литр ичүүгө болот, эгерде дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин көбөйтүүгө болот;


. Сөзсүз түрдө дем алуу гимнастикасын жасоо.  Бул багытта программаларды республикалык ден соолукту чыңдоо борборлорунун сайттарынан табууга мүмкүн;


. Ооруканадан чыгып баратканда физикалык активдүүлүк менен канчалык деңгээлде  машыгууга мүмкүн экенин билип алуу зарыл.  Эгерде дене табы 37,5 - 38ге көтөрүлсө, жүрөктүн согушу 100дөн ашса, дем алуусу бир мүнөттө 30дан ашса жана сатурациясы 93%дан жогору болсо, физикалык активдүүлүк  сунушталбайт. 


❗️ Дарыгер тарабынан жазылып берилген дарыларды ичүү маанилүү, бирок кан басымы түшүп же башка дагы өзгөрүүлөр болсо,  дарыгерге кайрылууга керек.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн