Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 23:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

COVID-19: 1-декабрдан Кыргызстанга келүүчүлөр ПЧР-тест тапшырууга милдеттендирилди

30.11.2021 08:33
465
COVID-19: 1-декабрдан Кыргызстанга келүүчүлөр ПЧР-тест тапшырууга милдеттендирилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөөгө багытталган чаралар 2021-жылдын 1-декабрынан тарта ишке ашырылаарын билдирди.

Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн эмделүү макамынан көзкарандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына карай ПЧР-тест тапшырып, терс ПЧР-тестке ээ болушу керек.

Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «omicron» жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизимин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салынат.

Министрлик жана ведомстволорго республикада COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн