Кыргызстанда 11-январга карата коронавирус 348 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 244, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 38, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет табылган.
Ал эми илдеттен акыркы суткада эки бейтап каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн