Кыргызстанда 15-июнга карата коронавирус дагы 514 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 234, Ош шаарында – 110, Чүй облусу – 80, Ош облусу – 34, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 14, Жалал-Абад облусу – 13, Баткен облусу – 17 адамдан илдет табылган.
"Ал эми бир суткада 367 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 188, Ош шаарында – 40, Чүй облусу – 62, Ош облусу – 22, Талас облусу – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусу – 25, Жалал-Абад облусу – 20, Баткен облусу – 3 адам", - дейт ал.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн