Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

COVID-19: 26-июнда 892 жаңы учур катталды

COVID-19: 26-июнда 892 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус дагы 892 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 401, Ош шаарында – 55, Чүй облусунда – 143, Ош облусунда – 81, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 110, Баткен облусунда – 61 адамдан илдет табылган.


"Ал эми бир суткада 524 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 246, Ош шаарында – 102, Чүй облусунда – 47, Ош облусунда – 58, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 23, Баткен облусунда – 21 адам", - деп айтылат билдирүүдө.


Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 2, Жалал-Абад облусу – 1, Ош шаары – 1 бейтап каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн