Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

COVID-19: 4-июлда 1401 адамдан коронавирус аныкталды

COVID-19: 4-июлда 1401 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 4-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 401 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 907, Ош шаарында – 50, Чүй облусунда – 175, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 105, Баткен облусунда – 82 адамдан илдет табылган.


Ал эми бир суткада 710 адам илдеттен сакайды, анын ичинде анын ичинде Бишкек шаарында – 393, Ош шаарында – 81, Чүй облусунда – 83, Ош облусунда – 30, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 66, Баткен облусунда – 21 адам.


Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 бейтап каза болгон.


Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 1 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 855 адам дарыланууда.


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 37 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн