Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

COVID-19: Бир сутка ичинде 78 бейтап сакайып, үчөө көз жумду

COVID-19: Бир сутка ичинде 78 бейтап сакайып, үчөө көз жумду


Кыргызстанда 31-октябрга карата коронавирус дагы 73 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 33, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 78 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 723 бейтап, амбулатордук түрдө 696 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 259 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 646 киши айыгып чыкса, 2 671 адам каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн