Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын бардык райондору кызыл зонага киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова маалымат жыйынында билдирди.
"Апрель айынын башында шаардын эки району гана кызыл зонага киргизилген. Азыр төртөө тең. Ошентип, өткөн суткада Ленин районунда - 141 жаңы учу, Биринчи Май районунда - 65, Октябрь районунда - 71, Свердловскийде - 50 катталды. Статистикалык маалыматтарга ылайык, оорулардын 60 пайызы 30 жаштан 64 жашка чейинкилер", - деди ал.
Айнагүл Рыскулбекова жыл башынан бери Кыргызстандын борборунда 16 миң 857 адам коронавирус жана пневмония оорусун жуктургандыгын белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейин шаар бийлиги 17-июндан баштап көңүл ачуучу мекемелердин (түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу түйүндөрү, кафелер, караоке, барлар), анын ичинде соода жана көңүл ачуу борборлорунун иш убактысын саат 23.00дөн 7.00гө чейин чектөө чечимин кабыл алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн