Азырынча Бишкек шаарына чектөөлөр киргизилбейт. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, азыр Бишкекке чектөө киргизүүгө зарылчылык жок.
"Биз президенттин өкүлү менен, өкмөт менен сүйлөштүк. Былтыркы жылкы карантиндин айынан өлкөнүн экономикасы болуп көрбөгөндөй түшүп кеткендигине байланыштуу азырынча кандайдыр бир чектөөлөр киргизилбейт" ,- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн