Бишкек шаарындагы №1 клиникалык оорукананын дарыгери Бегаим Исакова көз жумду. Бул тууралуу И.Миррахимов атындагы фонддун жетекчиси Элмира Миррахимова билдирди.
Анын айтымында, дарыгер 24-июлда коронавирус инфекциясынан улам каза болгон.
"Бегаим Исакова илдетти жумуш учурунда жуктуруп алган. Ал 1979-жылдан бери №1 клиникалык ооруканада эмгектенип келген", - деди ал.
Бегайым Исакова 1956-жылдын 6-июнунда Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1979-жылы аяктаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн