Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

COVID-19: Бишкектеги күндүзгү стационарлардын даректери

19.10.2020 09:08
383
COVID-19: Бишкектеги күндүзгү стационарлардын даректери


COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларды даярдады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда кычкылтек концентраттары жетиштүү санда, керек болгон учурда стационарларга жеткирилип турат. Ошондой эле бардык стационарларда дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын камы көрүлгөн.  


Стационарлардын даректери: 


Ленин району:


-  №96 мектеп  (Ак-Ордо ж/к) 30 койко-орундук;

- №95 мектеп (Жал кичи району) 50 койко-орундук. 


Биринчи май  району:


- №81 мектеп ( «Ак-Босого» ж/к,  Профессор Зима көч,  262) 40 койко-орундук;

- №69 мектеп (Айни көч, 13) 120 койко-орундук.


Октябрь району:


-  №39 мектеп (кичи район №6-4/1) 50 койко-орун;  

-  №63 (кичи район №11-9/1)  40 койко-орун.


Свердлов району: 


- №4 мектеп (Атай Огомбаев көч, 207) - 50 койко-орундук;

-  № 65 лицей - 60 койко-орундук. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн