Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

COVID-19: Бүгүнкү күнгө карата маалымат

27.12.2020 11:20
762
COVID-19: Бүгүнкү күнгө карата маалымат

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 191 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 48 адамдан, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда 9 кишиден табылган.


Ошол эле учурда 343 адам коронавирустан айыгып чыккан.


“Бишкекте – 65, Ош шаарында – 30, Чүй облусунда – 85, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 46, Жалал-Абад облусунда – 41, Баткен облусунда 43 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын маалыматында.


Коронавирустан жалпы 1 миң 348 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында 3 жана Баткен облусунда бир адам каза болгон.


Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 261 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 24 бейтап дарыланууда.


“Бир күн ичинде өлкө боюнча 9 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 8 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 104 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 885 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.


Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 373 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 74 миң 820 киши айыгып чыкса, 1 миң 348 адам каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн