Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:42
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

COVID-19: Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 93-орунда турат

COVID-19: Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 93-орунда турат

 Дүйнөлүк рейтинг боюнча Кыргызстан 93 орунда турат: вирус жуктургандардын саны 180 миңди жана каза болгондордун саны 2620 адамды түздү. Бул боюнча брифингде “Профилактическая медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди. 


“Дүйнө жүзүндө 2,8 млрд (35,3%) адам эмдөөдөн өткөн, эмдөөнүн пайызы 40тан ашык мамлекеттерде 60-74%га жетсе, КМШ өлкөлөрүндө 30%ды түздү. 2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус инфекциясы мутация болуп жатканына байланыштуу, аны алдын ала божомолдоо үчүн маалыматтар жетишсиз болуп эсептелет. Күз-кыш мезгилинде вирус жуктуруп алуу тобокелдиктери күчөп баштайт. Андыктан, алдын алуу чараларын сакташыбыз керек: беткап тагынып, колду жууп же антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоо да зарыл”, - деп кошумчалады Омор Касымов. 


Сөзүнүн аягында, ал дарыгерлерди, мугалимдерди, калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн