Өпкөнүн сезгениши жана COVID-19 боюнча катталган жаңы учурларларга терең талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
«Ооруп жаткандарды аныктоо үчүн уюштурулган үймө-үй кыдыруу иш-чарасынын негизинде күндө талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. Мисалы, бүгүн жөтөлүп атса, эртең дене табы көтөрүлөт, эки-үч күндөн кийин абалы оор болушу ыктымал. Демек, бул дарыны бериш керек же капельница алуусу абзел, деген сындуу анализ жүргүзүү шарт. Талдоо иштеринин негизинде алдыда күтүлө турган абал дагы айкын көрүнөт», - деди өкмөт башчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн