Теке 27, 2024
Убакыт: 10:10
USD
EUR
RUB

COVID-19: Кыргызстанда бир жумада 1091 учур катталды

COVID-19: Кыргызстанда бир жумада 1091 учур катталды


Республика боюнча 25-июлдан 31-июлга чейин COVID-19 инфекциясынын 1091 учуру катталганын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.


Ведомствонун маалыматы боюнча, 911 адам амбулатордук дарыланууда, 180 адам ооруканада.


Маалым болгондой, 2022-жылдын 7 айында жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 19 миң 28 учуру катталып, анын 17 миң 34ү (89,5%) лабораториялык жана 1 миң 994ү (10,5%) клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.


Жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 203 миң 776 учур катталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн