13-апрель саат 10:00гө карата өлкөдө
коронавирус илдети дагы 42 адамдан аныкталды. Бул тууралуу, Саламаттыкты сактоо
министрлигинин өкүлү Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы катталган учурлар: Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 6, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 9 адам жана Баткен облусунда 1 адам.
Кыргызстанда коронавируска кабылгандар жалпы 419 адамга жетти.
Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 91,
Ош облусунда – 128,
Ош ш. – 59,
Чүй облусунда – 27,
Бишкек ш. – 69,
Баткен облусунда – 5,
Нарын облусунда – 34,
Ысык-Көл облусунда – 6.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн