Бештин айы 04, 2024
Убакыт: 00:02
USD
86.65
87.15
EUR
90.70
91.70
RUB
0.810
0.870

COVID-19: Кыргызстанда өткөн суткага салыштырмалуу көбүрөөк жаңы учур катталды

COVID-19: Кыргызстанда өткөн суткага салыштырмалуу көбүрөөк жаңы учур катталды


Кыргызстанда 14-июлга карата COVID-19дун жаңы 47 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Анын ичинде 40 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан, 7 кишиден өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.

Аныкталгандардын ичинен жетөө COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн. Амбулатордук дарыланууда — 46 адам, ооруканада бир бейтап жатат.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 миң 329 учуру катталган, адам өлүмү 1,5% түздү.

"2022-жылдын 6 ай 13 күнүндө COVID-19дун 16 миң 581 учуру аныкталды. Анын ичинде лабораториялык түрдө 14 587 (87,9%) жана 1994 (12,1%) учур – клиникалык-эпидемиологиялык (белгилерин жана ооруну жугузгандар менен байланыштарын эске алуу менен) ырасталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн