Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:23
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

COVID-19: Кыргызстандагы медициналык уюмдарда дары-дармектин запасы канчага жетери айтылды

29.10.2020 15:07
546
COVID-19: Кыргызстандагы медициналык уюмдарда дары-дармектин запасы канчага жетери айтылды


Республикадагы медициналык уюмдарда дары-дармек жана шаймандардын запасы 1,5-2 айга жетет. Бул боюнча коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына бөгөт боюуу максатында өткөн Республикалык штабдын отурумунда айтылды.


Жыйындын алкагында КР Өкмөтүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Улан Маматканов тарабынан өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан иш-чараларды күчөтүү, той-топурларды өткөрүүгө тыюуу салуу жаатында рейддерди өткөрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча элге кайрылууларды жасоо, дары-дармек жана медициналык шаймандардын запасы жөнүндө калкка кеңири маалымат жеткирүү талаптары коюлду.

Өз сөзүндө саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев медициналык уюмдарды дары-дармек, жеке коргонуу каражаттары менен кеңири камсыздоо үчүн тендерлер өткөрүлүп жатканын айтып, COVID-19 оорусун ооздуктоодо мүмкүн болушунча үйдө обочолонуу, жарандардын бет кап тагынуусу, адамдардын ортосунда бир метрден кем социалдык аралыкты кармоо, өздүк гигиенаны сактоо маанилүү экенин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн