Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 12:27:17
USD
87.40
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.025
1.065

COVID-19: Кыргызстанга Кытайдан дарыгерлер келди (фото)

20.04.2020 12:07
1119
COVID-19: Кыргызстанга Кытайдан дарыгерлер келди (фото)


Бүгүн, 20-апрелде Кыргызстанга Кытайдан медициналык кызматкерлердин тобу келди. Бул тууралуу ыкчам республикалык штабдан кабарлашты.  


Маалыматка ылайык, Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт. 


Белгилесек, биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн