Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:08
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

COVID-19: Кытай Кыргызстанга жалпы 6 млн 764 миң долларга гуманитардык жардам көрсөттү

23.10.2020 18:05
509
COVID-19: Кытай Кыргызстанга жалпы 6 млн 764 миң долларга гуманитардык жардам көрсөттү


Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайылып баштагандан бери, COVID-19 каршы күрөшүү жана анын кеңири жайылышына жол бербөө максатында, кыргыз тарапка Кытай Эл Респибликасынын Өкмөтү жана башка кытай компаниялары тарабынан гуманитардык жардам тапшырылган.   


Республикалык штабдын маалыматына караганда, мамлекет тарабынан, март айынан бери Кытай Өкмөтү жалпы суммасы 6 млн 764 миң 605 АКШ долларын түзгөн гуманитардык жардам көрсөткөн, атап айтканда: 


-  Медициналык коргонуу каражаттары (беткаптар, кол каптар, коргоочу көз айнектери, термометрлер, N95 респираторлору);

- өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар;

-  ПЦР жана экспресс-тесттер;

- Эпидемиологияга каршы каражаттары. 


"Алынган гуманитардык жардам Саламаттык сактоо министрлигине, Куралдуу күчтөрүнүн Генштабына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясына, ошондой эле башка мамлекетик мекемелерге жана республиканын региондоруна берилди. Апрель айынан июль айына чейин кытайлык жеке компаниялардан гуманитардык жардам келип түшкөн, алсак: «ZIJIN» жана анын КРдеги туундуу компаниясы «Алтынкен», ЖЧК «Му Линь Сэнь», «Хуавэй», «Cosco» компаниялары, Пекиндин социалдык өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо ассоциациясы жана башкалар.  Гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 645 миң 41 АКШ долларын түзгөн медициналык коргонуу каражаттары жана экспресс-тесттер тапшырылган", - деп айтылат маалыматта.   

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн