17-октябрда пандемия башталгандан бери алгачкы жолу Мекке шаарындагы Харам мечитинде социалдык аралыксыз намаз окууга уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалым болгондой, Сауд Аравиясынын өкмөтү өлкөдөгү жана дүйнөдөгү коронавируска байланыштуу абалга карата чектөөлөрдү жеңилдеткен.
Мусулмандар зыярат кылган Харам мечитинде социалдык аралыкты сактоо үчүн жабыштырылган атайын стикерлер алынып салынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн