Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

COVID-19: Нур-Султан шаарына локдаун киргизилет

COVID-19: Нур-Султан шаарына локдаун киргизилет
Коронавирустун жайылышы боюнча Нур-Султан шаары кызыл зонада, андыктан 21-март (жекшемби) күнү шаарда локдаун киргизилет. Бул тууралуу "Казинформ" агенттиги билдирди.

Жекшемби күнү соода жана көңүл ачуу борборлорунун, соода үйлөрүнүн, соода борборлорунун иштешине тыюу салынат. Мындан сырткары азык-түлүк базарлары, азык-түлүк эмес товарларды сатуучу жайлар, спорттук жабык жайлар, калкты тейлөө борборлору да ишин токтотот.

Ошондой эле, жекшемби күнү дезинфекция иштери үчүн коомдук транспорттун иши убактылуу токтотулат.

Ишемби жана жекшемби күндөрү сауналардын, санаторий-курорттук борборлордун ишине тыюу салынат.

 18-марттан баштап коомдук тамактануу жайларынын (ресторандар, кафелер, барлар, ашканалар) иш күндөрү жана дем алыш күндөрү саат 07: 00дөн 22: 00гө чейин иштөө убактысы кыскартылат.

18-марттан баштап кинотеатрлардын жана кинозалдардын иштөөсүнө тыюу салынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн