Ош облусуна Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коронавирус илдетине жана пневмонияга чалдыккан жарандар үчүн дары-дармектер, медициналык мекемелерге жана андагы медициналык кызматкерлер үчүн коргонуу каражаттары алынып келинди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, келген дары-дармектерди, жабдыктарды атайын комиссиянын чечими менен оорулуунун саны, оорукананын бөлүмдөрү, медициналык кызматкерлердин санына карап, бардык райондордогу ооруканаларга жана облустук стационарларга бөлүштүрүп берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн