Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:45
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Пандемия башталгандан бери 7 кош бойлуу аял каза болду

28.07.2020 10:26
1118
Пандемия башталгандан бери 7 кош бойлуу аял каза болду


Пандемия башталгандан бери 7 кош бойлуу аял коронавирустан улам каза болду. Бул тууралуу  Медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия Славян университетинин акушерлик жана гинекология кафедрасынын профессору Арсен Аскеров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


Анын айтымында, алардын көбү төрөттөн кийин каза болгон. 


"Коронавирус инфекциясы кош бойлууларга кандай таасир берип жаткандыгын көрүп жатабыз. COVID-19 менен ооруп бүткөндөн кийин кан жоготуп, боюнан түшүп калган учурлар болууда. Бирок, кош бойлуулардын 80%ы бул ооруну жеңил көтөрөт, ал эми 15%ы гана оор көтөрүшү мүмкүн. Негизи коркуп, паникага алдыруу туура эмес. Болгону санитардык талаптарды кылдат аткарып, беткап тагынып, зарыл болгон учурда гана көчөгө чыгып, мүмкүн болсо обочолонууда болушу керек", - дейт Арсен Аскеров.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн