Бугу 01, 2024
Убакыт: 04:53
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

COVID-19: Сутка ичинде 154 жаңы учур катталды

COVID-19: Сутка ичинде 154 жаңы учур катталды


Кыргызстанда 4-сентябрга карата коронавирус дагы 154 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 63, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 22, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 42, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусу - 7 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 135 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 5 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 918 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 35 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 347 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 396 киши айыгып чыкса, 2 миң 546 адам каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн