Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

COVID-19: Сутка ичинде 919 жаңы учур катталды

COVID-19: Сутка ичинде 919 жаңы учур катталды


Кыргызстанда 31-июлга карата коронавирус дагы 919 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 515, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 154, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 50, Жалал-Абад облусунда – 73, Баткен облусунда – 57 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 580 адам илдеттен сакайды", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 14 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 831 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 860 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 162 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 144 миң 564 киши айыгып чыкса, 2 миң 325 адам каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн