Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

COVID-19: Сутка ичинде дээрлик 1000 жаңы учур катталды

COVID-19: Сутка ичинде дээрлик 1000 жаңы учур катталды


Соңку суткада Кыргызстанда COVID 992 адамдан табылып, алты бейтап көз жумду. Ал эми сакайып кеткендердин саны 550гө жетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Жуктургандар: 

  • Бишкек шаары – 567;
  • Ош шаары – 34; 
  • Чүй облусу – 137;
  • Ош облусу – 42; 
  • Талас облусу – 13;
  • Нарын облусу – 22; 
  • Ысык-Көл облусу – 28;
  • Жалал-Абад – 84;
  • Баткен облусу – 65.  

Айыккандар: 

  • Бишкек шаары – 230;
  • Ош шаары – 57; 
  • Чүй облусу – 60;
  • Ош облусу – 67;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 15; 
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 52;
  • Баткен облусу – 25.

Тилекке каршы, вирус өткөн суткада алты кишинин өмүрүн алды. Анын ичинен үчөө Бишкек шаарынын, экөө Жалал-Абад облусунун, бири Чүй облусунун тургундары болгон. Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун саны 1 977ге жетти.

Республика боюнча COVID-19 башталгандан бери жалпысынан 120 865 киши вирус жуктурду. Анын ичинен 108 465 киши сакайып кетти. 

Стационарларда ушул тапта 2 995 киши дарыларып жатат. Анын ичинен 899унун абалы оор, 127 кишинини өтө оор деп эсептелүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн