Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

COVID-19: Тажикстан илдетти жуктургандардын саны боюнча Өзбекстандан ашты

08.06.2020 17:05
1561
COVID-19: Тажикстан илдетти жуктургандардын саны боюнча Өзбекстандан ашты


8-июнга карата Борбор Азия мамлекеттеринин арасында коронавирус инфекцисын эң көп жуктургандар жана каза болгондор Казакстанда катталды.


Маалыматка ылайык, коронавирус эпидемиясын жуктургандар Казакстанда - 12 859, Тажикстанда - 4 529, Өзбекстанда – 4 352, Кыргызстанда - 2032 адамга жетти.


Ал эми илдеттен Казакстанда – 7 484, Өзбекстанда – 3 354, Тажикстанда – 2 683, Кыргызстанда - 1 445 бейтап сакайган.


Ошол эле учурда дарттан каза болгондор Казакстанда – 56, Тажикстанда - 48, Кыргызстанда - 23, Өзбекстанда - 17 кишиге жетти. 


Ал эми Түркмөнстанда коронавирус илдетин жуктургандар жок экенин билдирип келишет. Бирок ага карабастан өлкөдө бир катар иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн