Теке 07, 2025
Убакыт: 21:35
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

COVID-19: Төрөт үйлөрүнө 1,5 млн сомдук колдоо көрсөтүлдү

02.09.2020 10:21
1037
COVID-19: Төрөт үйлөрүнө 1,5 млн сомдук колдоо көрсөтүлдү


Кыргызстандагы эл аралык гуманитардык  "Мерсико" уюму коронавирустун жайылышын жана жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Бишкек жана Ош шаарларында COVID-19 оорусуна кабылган кош бойлуу аялдарды кабыл алган төрөт үйлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, аталган уюм тарабынан жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттарды жана маалымат материалдарын Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүнө, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарына жана Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнө - Ош перинаталдык борборуна өткөрүп берди. 


Которулган каражаттын жалпы наркы  1 500 000 сомду түзөт. Каражатты жогорудагы төрөт үйлөрүнүн бейтаптары жана медициналык кызматкерлери колдонушат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн