Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:59
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

COVID-19: Түнкү клубдар жана соода борборлору жабылабы?

COVID-19: Түнкү клубдар жана соода борборлору жабылабы?

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек жана Ош шаарларында түнкү клубдарды жана соода борборлорун жабууну сунуштады. Бул тууралуу ал "Кактус.медиа" редакциясына кабарлаган. 


Анын айтымында, коронавирус боюнча республикалык штаб  сунуш гана бере алат. Чектөө киргизе албайт. 


"Акыркы кезде коронавирус жуктурган адамдардын саны тездик менен өсүп жатат. Бул Кыргызстанда гана болуп жаткан көрүнүш эмес. Дүйнө жүзүндө азыр коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. 


Биз республикалык штаб катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш катары маселе беребиз. Ал жагын жергиликтүү бийлик чечет. Акыркы статистикаларга байланыштуу түнкү клубдарды жана соода борборлорун жабууну сунуштадык",- деди министр Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн