Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

COVID-19: Жаш дарыгерлер, эмгек өргүүдөгү медиктер билимин бышыктап жатышат

14.08.2020 15:00
970
COVID-19: Жаш дарыгерлер, эмгек өргүүдөгү  медиктер билимин бышыктап жатышат


Медицина адистерин кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кыска курстардан окутуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул боюнча С.Данияров атындагы КММКД жана КЖ институтунун анестезиология жана реаниматология кафедрасынын башчысы Айке Молдоташева билдирди. 


Анын айтымында, жаш дарыгерлерден сырткары, жада калса эмгек өргүсүндө жүргөн медицина кызматкерлери COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча билимин бышыктап жатышат.


"Биздин окутууларга катышкандар - дарыгерлер, бирок алар анестезиолог-реаниматологдор эмес. Бизде кабыл алынган дарылоо протоколуна ылайык, кайра даярдоо иштерине кесиптештер активдүү катышып жатышат. Онлайн окутуу курстары бир убакта 500 дарыгерди камтый алат. Биз ар бир окууга 30дан киши катышат деп күткөнбүз. Бирок күн сайын түйүнгө 70ке жакын кесиптештерибиз кошулуп, кызыктырган суроолоруна жоопторду алышууда”, - дейт кафедра башчысы.


Быйыл жалпысынан 16 миңден ашуун дарыгер кайра даярдалып, квалификациясы жогорулатылганын ошол эле институттун коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы Сабира Жумалиева маалымдады.


"Былтыр декабрда коронавирус инфекциясы чыгышы менен биз аймактарды кыдырып, медицина кызматкерлерин инфекциялык көзөмөл боюнча кайра даярдай баштадык. Жугуштуу илдеттин алдын алуу, жеке коргоочу каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча окуттук. Абал пандемия деп жарыяланышы менен онлайн курстарга өттүк. Анын ичинде коргоочу каражаттарды туура кийип, чечүү, лабораторияларда иштеген кызматкерлерге ПЦР жана экспресс-тесттерди туура алуу жолдорун көрсөттүк. Азыркы учурда жугуштуу ооруларга каршы иммунопрофилактиканы туура алып баруу боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууга камынып жатабыз”, - деди Сабира Жумалиева.


Өз сөзүндө кафедра башчылары онлайн окутуу курстарына жаш дарыгерлер өзгөчө кызыгуу менен активдүү катышып жаткандарын баса белгилешти. Алардын айтымында, кайра даярдоодон ийгиликтүү өткөн жаштар, кызыл зонада алган билимдерин иш жүзүндө көргөзүп жатышат. “Жыйынтыктары жаман эмес”, - дешет мугалимдер. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн