Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

COVID-19га каршы уюлдук тиркеме иштеп баштайт

18.04.2020 17:11
1027
COVID-19га каршы уюлдук тиркеме иштеп баштайт


Жакын арада COVID-19га каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине арналган уюлдук тиркеме иштеп баштайт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.


Тиркеме аркылуу алар өздөрүнүн суроолорун беришип, республикалык штабга иштеги кыйынчылыктар, анын ичинде жеке коргонуу каражаттары жана башка керектөөлөр менен камсыздоо маселелери тууралуу билдире алышат. 


Кубатбек Боронов жергиликтүү бийлик органдарына муктаж үй-бүлөлөргө даректүү жардам көрсөтүүнү катуу көзөмөлдөөнү тапшырды.


Ал тармактык кызматтарга, жергиликтүү бийлик органдарына үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын алдын алуу маселесине көңүл буруу зарылдыгын өзгөчө белгиледи. 


Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов белгилегендей, донордук уюмдардан 63 жасалма дем алдыруучу жабдуу алуу боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстанга 19-апрелде Польшадан, 20-апрелде Кытайдан адистер келишет. Алар окутуу жүргүзүп, дарыгерлерге кеңеш беришет. 


Саламаттык сактоо министрлигине эки күндүк мөөнөттө март айы үчүн өбөлгөлөөчү төлөмдөрдү төлөөнү аяктоо тапшырылды. 


Тармактык мамлекеттик органдарга Бишкек жана Оштогу медицина мекемелерин, обсервациялык жайларды жарандарды кабыл алууга даярдоо тапшырмасы берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн