Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:09
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

COVID-19: Өкмөт эми волонтердук уюмдар менен биргелешип иштейт

22.07.2020 12:22
1152
COVID-19: Өкмөт эми волонтердук уюмдар менен биргелешип иштейт


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова волонтердук кыймылдын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик органдар тарабынан көмөк көрсөтүүнү талап кылган көйгөйлөр тууралуу, аймактардагы волонтерлордун ишин координациялоо зарылдыгы, call-борборго техникалык колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. 


Мандан тышкары, бизнес-коомчулук менен рентгенологиялык диагностика тейлөөлөрүнүн жеткиликтүүлүгү талкууланып, алар алыскы райондорду дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, калкты эпидемияга каршы чараларды сактоо зарылдыгы тууралуу кеңири маалымдоо тууралуу айтышты.


Өкмөт жана волонтердук уюмдар COVID-19 каршы күрөштө мындан ары карай биргелешип иш алып баруу чечими кабыл алынды. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн