Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

COVID-19 кризисинен кийин дүйнөдө жана экономикада эмне болот?

31.03.2020 18:04
1035
COVID-19 кризисинен кийин дүйнөдө жана экономикада эмне болот?


Дүйнө жүзү кризистин аякташы менен эркинирээк болот, бирок бир аз жакырланат.

Биздин жашообузга көзөмөлдүн жаңы чаралары, мамлекеттик органдардын жаңы ыйгарым укуктары жана эркиндикке болгон жаңы чектөөлөр кирет. Бул жерде эң эле чоочуланткан келечек – айрым өлкөлөрдө медициналык-биологиялык атайын кызматтардын ыйгарым укуктарынын кеңейиши менен пайда болгон мүмкүнчүлүктөр”, - деп билдирди Урал федералдык университетинин ага окутуучусу, чыгыш таануучу Дмитрий Желобов коронавирус эпидемиясынын токтошу менен дүйнөдө кандай өзгөрүү болушу мүмкүн экени тууралуу суроолорго жооп берип жатып.


- Кытай менен АКШ коронавирустун пайда болушу жана жайылышы менен бирин-бири күнөөлөп, араздашып жатышат. Пандемиянын токтошу менен алардын мамилеси кандай болот?


- Албетте, пандемия эртеби, кечпи өтө турган көрүнүш. Ал эми геосаясий каршылыктар кала берет. Эки тарап тең учурдагы абалдан саясий дивиденттерин сыгып алууга аракет кылып жатышат. АКШ үчүн вирустун таралышына жоопкерчиликтүү кылып көрсөтүү маанилүү. Ал эми Кытай өлкө ичинде эле эмес, глобалдык масштабда бул оорууну жеңүүчүлөрдүн алдыңкысы болуп көрүнүүгө аракет кылып жатат. Пандемиянын жаралышы менен азыр эки өлкө тең жабыр тартып жатат, азырынча кайсыл бири күчтүү экени белгилүү боло элек.


- Кытай башка мамлекеттерге коронавирус менен каршы күрөшүү боюнча жардам берүүнү сунуштап жатат. Пекиндин позициясында бул дүйнөгө канчалык чагылдырылышы мүмкүн?



- Эгерде Кытай өзүн жеңүүчү стратегия катары көрсөтсө, анын эл аралык абалы олуттуу чыңдалат. Ошол эле маалда Кытай жана башка дүйнө мамлекеттеринин ортосунда адамдардын деңгээлинде болгон ажырым тез арада унутулушу күмөн.   

 

- Кытай Эл республикасы кризистен кантип чыгат жана мурунку деңгээлине кантип келиши мүмкүн?

 

- Кытай экономикасы карантиндик чаралардын кабыл алынышы менен кош соккуга учурады:


1) Өндүрүштүн ишке ашырылышы олуттуу токтоду, транс чек аралык өндүрүштүк байланыштар урады, Кытай бийлигинин чечимдерине көз каранды болгон инвесторлор бир жактуу чечимдерди кабыл алуудан коркуп калды;


2) Дүйнө жүзү боюнча жакыр керектөөчүлөр кытайлык товарларды мурдагыдай көлөмдө сатып алууга азыр даяр эмес. Кытайдын көп жылдар бою дүркүрөп өскөн экономикалык динамикасы жаңы абалда аз мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.


- Кризисти чыдамдуулук менен жеңүүдөн кийин кандай глобалдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?


- Биздин жашообузга көзөмөлдүн жаңы чаралары, мамлекеттик органдардын жаңы ыйгарым укуктары жана эркиндикке болгон жаңы чектөөлөр кирет. Бул жерде эң эле чоочуланткан келечек – айрым өлкөлөрдө медициналык-биологиялык атайын кызматтардын ыйгарым укуктарынын кеңейиши менен пайда болгон мүмкүнчүлүктөр. Дүйнө жүзү кризистин аякташы менен эркинирээк болот, бирок бир аз жакырланат. 

 

- Жакынкы жарым жылга жана бир жылга сиздин болжолуңуз?


- Бул суроого кылдаттык менен жооп берүү керек. Бул пандемия жай айларында жок болушу күтүлүп жатат. Кытайдын тажрыйбасы ушундай болжолдоого ишенүүгө негиз боло алат. Мындай учурда анын кесепеттерин азайтуу менен гана дүйнө кризистен чыгып, мурунку абалына келе баштайт. Күзгө маал көпчүлүк өлкөлөрдө экономикага катуу талаптар башталат. Бул глобалдык масштабдагы трагедия. Пандемиянын өзү азыркыдай коркунуч жаратпайт, бирок экономикалык коркунучтар орун алат.



Материал Россиянын "Regnum"  маалымат агенттигинен которулду. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн