Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

COVID-19 менен күрөшүүгө көмөктөшүү үчүн Россия жана Түркиядан келген кыргыз дарыгерлер сыйланды

08.08.2020 15:10
972
COVID-19 менен күрөшүүгө көмөктөшүү үчүн  Россия жана Түркиядан келген кыргыз дарыгерлер сыйланды


Тышкы иштер министрлигинде коронавирустук инфекция пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстандын медициналык мекемелерине жардам көрсөтүү үчүн Россиядан жана Түркиядан келишкен дарыгерлерге-мекендештерге ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. 


ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, сыйлыктарды министр Чыңгыз Айдарбеков 7-августта тапшырды. Министр өзүнүн куттуктоо сөзүндө вирустук пандемияга каршы күрөштө дарыгерлердин баа жеткис салымын белгиледи жана алар көрсөткөн кесипкөйлүк консультативдик жардамдарды жогору баалады.


«Пандемиянын күчөгөн учурунда сиздер оор жана өтө оор абалдагы бейтаптардын өмүрлөрүн сактоо менен 3 миңден ашык адамдарга медициналык жардамдарды көрсөтүп, эң татаал участоктордо иштедиңиздер. Сиздер барыңыздар кызыл зонада эмгектендиңиздер, бирок клиникалык дарылоодон тышкары, семинарларда жана лекцияларда жергиликтүү дарыгерлерди окутуп, аларга дем берип, тажрыйбаңыздарды жана билимиңиздерди бөлүшүүнү уланттыңыздар. Албетте, сиздер учурдун баатырларысыңар», - деп Ч.Айдарбеков баса белгиледи. 


Ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана саламаттыкты сактоодогу ийгиликтери үчүн 7 мекендеш-дарыгер «КР ТИМге 75 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды. «Covid-19» пандемиясы менен күрөшүүдө өзүн аябаган эмгеги жана салымы үчүн» 31 дарыгер-мекендешке ТИМдин ыраазычылыгы жарыяланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн