Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:06
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

21 дарыгер «Эмгек сиңирген дарыгер» наамы менен сыйланды (фамилиялары)

27.08.2020 17:05
2230
21 дарыгер «Эмгек сиңирген дарыгер» наамы менен сыйланды (фамилиялары)

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-августта, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.


Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:


«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» наамы менен сыйлангандар:


- Бишкек шаарынын Свердлов районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары Абдылдаева Айнура Барыктабасовна;


- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун терапия бөлүмүнүн башчысы Жапарова Динара Дүйшекеевна;


- Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын пульмонология бөлүмүнүн башчысы Дөлөтова Токтобүбү Жоламановна;


- Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык клиникалык ооруканасынын терапия жана неврология бөлүмүнүн башчысы Ибраева Сырга Карыпбековна;


- Талас облусунун Манас районунун жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун анестезиолог-реаниматологу Курманбеков Болотбек Каныбекович;


- Эл аралык жогорку медициналык мектебинин жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы Кутманова Айнура Зарылбековна;


- Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Мааданбекова Гүлжан Билаловна;


- Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн башчысы Маасаидова Акылай Юлдошовна;


- Чүй облусунун Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Марковская Лена Владимировна;


- Чүй облусунун Панфилов районунун жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Мундусбаева Тамара Смагуловна;


- Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык патологоанатомиялык бюросунун башчысы Пахман Валентина Григорьевна;


- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймактык ооруканасынын инфекционист-дарыгери Раева Катча Акимовна;


- Ош шаарынын №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун энени жана баланы коргоо боюнча орун басары Сагымбаева Суусар Акимовна;


- Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сатыбекова Саламат Султанкуловна;


- Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун интенсивдик терапия блогу менен пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн башчысы Сооронбаев Талантбек Маратбекович;


- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Тилешова Таалайбү Дайыровна;


- Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Узакбаева Айнура Зарылбековна;


- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Хохлова Ирина Андреевна;


- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймактык ооруканасынын директору Чолпонбаева Гүлзуура Назаркуловна;


- И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын анестезиология жана жандандыруу кафедрасынын башчысы Чынгышова Жамиля Амановна;


- Бишкек шаарынын Свердлов районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №8 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Шакеева Анара Мукашевна.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн