Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

COVID-19 менен күрөшүү соодага тоскоол болбошу керек, - Эркин Асрандиев (фото)

30.05.2020 09:56
1092
COVID-19 менен күрөшүү соодага тоскоол болбошу керек, - Эркин Асрандиев (фото)


COVID-19 менен күрөшүү өз ара соода-сатыкка тоскоол болбошу керек. Жүк ташуу мурдагыдай эле жүргүзүлүүгө тийиш. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын саммитинин онлайн жыйынында билдирди.

«COVID-19га каршы күрөшүү боюнча биздин аракеттерибиз белгиленген өндүрүштүк-кооперациялык чынжырчалардын үзгүлтүккө учурашына алып келбөөгө тийиш. Жалпы обочолонуу жана чек араларды аргасыздан жабуу шартында биз үчүн өлкөлөр ортосундагы жана алыскы чет мамлекеттерге жүк ташууну тоскоолдуксуз ишке ашырууну камсыз кылуу маанилүү. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда өлкөлөрдүн ырааттуулугу чоң роль ойнойт. Биз КМШга мүчө-өлкөлөрдүн аймагы боюнча жүктү тоскоолдуксуз ташууну шарттаган жашыл кридорду уюштуруубуз керек», - деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө кыргыз тарапка берген жардамы үчүн өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылык билдирип, COVID-19дун кесепеттерин жоюуну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн