Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

COVID-19 менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн 9 дарыгер “Даңк” медалы менен сыйланды (тизме)

27.08.2020 13:51
1018
COVID-19 менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн 9 дарыгер “Даңк” медалы менен сыйланды (тизме)


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-августта, коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:


“Даңк” медалы менен сыйланган кызматкерлер: 


Жаманов Султан Ырысбекович – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын начальниги, медицина кызматынын капитаны;


Исаев Сапарбек Уркасымович – Ысык-Көл облусунун Түп районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун “Арал” үй-бүлөлүк врачтар тобунун клиникалык жетекчиси;


Мазаитов Замирбек Нарзиевич – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын № 13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, старшина;


Ниязбеков Суюнбек Ниязбекович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги;


Полотов Баатыр – Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын старостасы;


Сиротина Ольга Геннадьевна – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевт-врачы;


Токторалиев Жоомарт Казакбаевич – Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын начальниги, медицина кызматынын подполковниги;


Торогелдиева Жылдызкан Калдаровна – Ош шаарынын медициналык тез жардам станциясынын врачы;


Чарабаева Дамира Алтынбековна – Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы врачы. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн