Кыргызстанда COVID-19 илдети менен күрөшүүгө тартылган 6030 медикке жалпы 34 млн 716 миң сомду түзгөн кошумча төлөөлөр төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтуусуна караганда Медицина кызматкерлеринин толук тизмеси дагы аныкталат.
"Бүгүнкү күндө COVID-19 илдетине тартылган 6030 медицина кызматкерине жалпы суммасы 34 млн 716 миң сомду түзгөн кошумча төлөөлөр төлөнүп берилди. Медицина кызматкерлеринин толук тизмеси дагы аныкталат", - деди Сабиржан Абдикаримов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн