Өлкө боюнча COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда 6 адамды түздү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирустан 2, пневмониядан 4 адам көз жумду.
Каза болгондор:
Бишкек – 3;
Ысык-Көл облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 1.
Илдет башталгандан бери коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 1468ге жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн