Кыргызстанда 31-августка карата коронавирус дагы 145 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 31, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусу - 10 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 360 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн