Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна карганда милиция кызматкерлери кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алган.
“Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алган, алардын ичинен бирөөсү жандандыруу бөлүмүндө жатат”, - деди Үсөнбаев.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарында 12 милиция кызматкери коронавируска шектелип жатканы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн