Өлкөдө коронавирус илдетин дагы 10 дарыгер жуктуруп алды. Бул тууралуу 24-апрелдеги брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.
Алар төмнкү аймактарда:
Нарын облусунда – 6
Ош облусунда – 2
Ош шаарында – 1
Бишкек шаарында – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 172 учур катталды.
Ал эми жалпы 50 ак халатчан коронавирус илдетинен айыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн