Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

COVID-19 вирусун массалык аныктаган лаборатория ишке кирди

23.04.2020 18:47
874
COVID-19 вирусун массалык аныктаган лаборатория ишке кирди


Кыргызстанда COVID-19 массалык лабораториялык диагностика системасы ишке киргизилди, деп билдирди Республикалык ыкчам штабдан


Жаңы лаборатория COVID-19 дартын аныктоо үчүн бардык талаптарга жана стандарттарга жооп берет. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун алдындагы "Вирустук изилдөөлөр жана сейрек инфекциялар лабораториясынын" өндүрүштүк базасында тийиштүү жай берилди. 


Өз кезегинде "Бонецкий лабораториясынын" жетекчилиги медиктер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 3055 акысыз ПЧР-тесттерди өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.


"Бонецкий лабораториясы" тармагынын башкы директору Артем Лыжин билдиргендей, долбоор ишкерлердин жана меценаттардын кайрымдуулук берүүлөрүнүн эсебинен ишке ашырылды. Бул демилгеге биринчилерден болуп "Мол Булак" микрокредиттик компаниясы кол сунду. Компания 100 миң АКШ долларына реагенттерди, ошондой эле жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана зарыл технологиялык жабдуулар үчүн 61 миң АКШ долларын бөлүп берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн