Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:48
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

COVID-19 вирусунун вакцинасын өндүрүүгө кеминде бир жыл талап кылынат, - ДСУ

15.04.2020 19:58
773
COVID-19 вирусунун вакцинасын өндүрүүгө кеминде бир жыл талап кылынат, - ДСУ


Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун расмий өкүлү Маргарет Харрис коронавирустун вакцинасын өндүрүү үчүн бери дегенде 12 ай талап кылынарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 


Маалыматка ылайык, доктор Маргарет Харрис Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун Женевадагы кенсесинде өткөн маалымат жыйынында дүйнө жүзүндөгү коронавирустун жайылышы боюнча акыркы абал туурасында айтып берген. Анда ал Европанын айрым жерлеринде анын ичинде Италияда жана Испанияда коронавирус жуктуруунун жаны учурларынын саны азайып жатканын, бирок Британия жана Түркияда дагы деле вируска чалдыккандардын саны көбөйүп жатканын билдирген. 


“Азыркы тапта, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктуруунун жаңы учурларынын 90%ы Европа менен АКШда. Натыйжада биз пандемиянын эң күчөгөн учуруна жете элекпиз”, - деген Харрис. 


Мындан сырткары, ал Кытайда учурдагы абал боюнча комментарий берип, азыркы учурда бул өлкөдө эң чоң коркунуч сырттан жуктуруп келген учурлар болуп саналарын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн